БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров туулган жерине барып, куран окутканын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Ата конушуна барып, куран окуп кайттык", — деп жазган президент.
Ушул эле постунун алдына Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жаратылыш койнунда түшкөн сүрөттөрүн жүктөп койгон.
Буга чейин мамлекет башчы менен УКМК төрагасы соцтармакка Ысык-Көл облусундагы Каркыра жайлоосунда эс алган сүрөтүн жарыялашкан.