Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын аскерлерин Запорожье облусуна туруктуу жайгаштыруу сунушталды

Украинада атайын операциянын жүрүшүндө Россиянын армиясы Запорожье облусун көзөмөлгө алган. Аймактын жетекчилиги РФтин курамына кирүү ниетин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россиянын армиясынын Запорожье облусуна туруктуу жайгашуусу тышкы агрессияга карата коопсуздук кепилдигин бере алат. Бул тууралуу РИА Новостиге аймактын администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогови билдирген.
"Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Запорожье облусуна туруктуу жайгашуусу украин улутчулдарынын тышкы агрессиялык жана террордук аракеттерине каршы коопсуздук кепилдиги болуп калат. Биздин аймакка аскердик базалардын туруктуу жайгашышын колдойбуз", — деген Рогов.
Анын айтымында, референдумдан соң жана Запорожье облусу Россияга киргенден кийин аскер бөлүктөрүн туруктуу жайгаштыруу боюнча кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болот.
Украинада атайын операциянын жүрүшүндө Россиянын армиясы Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Ал жакта жарандык-аскердик администрациялар түзүлүп, РФтин телеканалдары менен радиостанцияларынын уктуруулары берилип, Крым менен соода байланыштары калыбына келтирилип жатат. Эки аймак тең Россиянын курамына кирүү планын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров атайын операциянын географиясы кандай учурда кеңейерин айтты