Ошто сууга чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Бала 22-июлдан бери изделип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ош облусунда сууга чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
22-июль күнү куткаруучуларга Кара-Суу районундагы Савай каналына М.С. аттуу бала түшүп кеткени боюнча маалымат берилген.
Издөө иштерине 21 куткаруучу, 30 жергиликтүү тургун жана 18 милиционер тартылган. Бүгүн баланын сөөгү табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.
Дрон, водолаздар тартылды. Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштеринин видеосу