БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги жыл соңуна чейин өлкөдө 14 миң жумуш ордун түзүүнү пландап жатат. Бул туурасында министр Данияр Амангелдиев билдирди.
"Азыркы тапта 10 ири ишкана пайдаланууга берилди. "Кыргыз индустрия" мамлекеттик ишканасынын алкагында эле 100 долбоор иштелип жатат. Анын ичинен 18инин сметалык долбоору жасалып бүттү, 14ү жүзөгө ашырылды. Быйыл жалпысынан 14 миң жаңы жумуш ордун түзүү планыбыз бар", — деди Амангелдиев.
Ошондой эле министр казинолор иштеп баштагандан кийин өлкөдө 5 400 жумуш орду пайда болот деген божомолун айтты.