Министрлик: мугалим болом дегендерге колдоо менен катар талап да күчөйт

Кыргызстандагы билим берүү жааты ири реформалардын алдында турат деп билдирди министр Бейшеналиев.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Өкмөт мугалимдерди даярдоонун сапатын бир кыйла жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, айлык акынын көтөрүлүшү менен жаштар арасында мугалимдик кесипке кызыккандардын саны өсүп келе жатат.
"Абитуриенттер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, окутуучу болгусу келгендердин саны былтыркы жылга салыштырмалуу 13 пайызга өстү. Ошол эле учурда министрлик билим сапатын жогорулатууга басым жасай баштады. Мисалы, мурда мугалим кесибине кызыккандарга бюджеттик бөлүмгө тапшыруу үчүн ЖРТдан 110 балл алуу жетиштүү болсо, азыр аны 115ке көтөрдүк. Келерки тестте бул көрсөткүч 120га чыгат", — деди министр.
Ошону менен катар ал келечектеги мугалимдерге мамлекет тарабынан колдоо дагы көбөйө баштаганын кошумчалады. Мисалы, мурда филология факультетинин студенттери 1 600 сом стипендия алса, эми бул сумма 1 000 сомдон 4 миң сомго чейин жогорулаарын билдирди.
Министр Бейшеналиев: 2-3 кесипти айкалыштырган адистерди даярдай баштайбыз