Дрон, водолаздар тартылды. Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштеринин видеосу

Куткаруучулар бөбөктү алты күндөн бери издеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери уланып жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бөбөк 18-июль күнү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткени айтылган. Куткаруучулар аны алты күндөн бери издеп жатышат. ӨКМ билдиргендей, бул ишке ыктыярчылар да тартылып, кызды көлдө толкун жок кезде дрон менен издешүүдө. Ошондой эле водолаздар, моторлуу кайыктар да тартылган. Жалпысынан издөө иштерине 30дан ашык адам чыккан.
Талас дарыясынан 16 жана 18 жаштагы бир туугандардын сөөктөрү табылды