Казакстанда мээ кайнаткан ысыктан асфальттын үстү көтөрүлүп кетти. Видео

Коңшу өлкөдө абанын температурасы 47 градуска чейин жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Казакстанда республикалык маанидеги "Самара — Шымкент" унаа жолунда асфальттын үстү ысыктан көтөрүлүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.
"Абанын температурасы 47 градуска чейин ысыганына байланыштуу жолдун цемент-бетон катмары көтөрүлүп кетти", — деп билдирген "КазАвтоЖол" компаниясы.
Учурда жолду оңдоого 10 жумушчу жана тиешелүү техника тартылганы айтылат. Аталган компания жолду аз убакытта калыбына келтирүүнү убадалаган.
Айдоочуларга жол коопсуздугунун эрежелерин сактап, автоунаанын ылдамдыгын жогорулатпоо эскертилди.
Токаев Борбор Азияда температура өтө тез өсүп бара жатканына тынчсызданды