Иммунолог: COVID-19 пандемиясы анын "кентавр" түрү менен бүтүшү мүмкүн

Адис билдиргендей, азыр жаңы тарап жаткан "кентавр" элге бат жугат, ошол эле учурда иммунитетти да тез пайда кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. COVID-19 пандемиясы вирустун "омикрон" штаммынын түрүнө кирген "кентавр" менен аякташы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге медицина илимдеринин доктору, дарыгер-иммунолог, өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча адис Владислав Жемчугов айтып берди.
Жемчугов билдиргендей, азыр жаңы тарап жаткан "кентавр" элге бат жугат, ошол эле учурда иммунитетти да тез пайда кылат.
"Ушуну менен эпидемия бүтөт деп ойлойм. Мындай божомол да бар", — деди адис.
"Кентавр" алгач Индияда аныкталган. Вирус башка өлкөлөргө, тагыраагы, Улуу Британия, АКШ, Австралия, Канада, Германияда жайылып, азыр Россияга тез өтүп кетти.
Коронавирус жуктурган балага дарыны көп бербегиле! Ата-энелерге кеңеш