Баткенде ысыктын илеби кайтабы? Бир жумага карата аба ырайы

Аймакта жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет келерки аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Билдирмеге караганда, өрүкзарлуу Баткенде бул апта ичи деле ысык болот. Бирок узап бараткан жумага салыштырмалуу бир аз салкындайт.
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү 41 градуска чейин ысыса, жума, ишембиде 35 градуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы