Адис алдамчылардын торуна илинип калбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтты

Эксперт социалдык тармакта башкалар менен өзүң же жакындарың тууралуу жеке маалыматтарды алмашпоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Алдамчылар орой мамиле жасаган же эпке келбегендерден качышат. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиядагы финансы жаатындагы эксперт Ольга Дайнеко билдирген.
"Алдамчылар суроолорго жооп бербеген, орой же тамашага салып сүйлөгөн, кыска жана чечкиндүү жооп берген адамдарга көп кайрыла бербейт", — деди ал.
Адис адамдардын бардыгы эле келекелеп же орой жооп бере албай турганын айтып, мындай учурда жөн гана байланышты үзүп, абонентти кара тизмеге киргизип коюуга чакырган.
Дайнеконун айтымында, негизгиси санариптик коопсуздукту сакташ керек. Башкача айтканда, банктык маалыматтарды бербей, түшүнүксүз жана белгисиз шилтемелерди баспай, текшерилбеген булактардын оюн, программаларын көчүрбөй коюш керек.
Ошондой эле социалдык тармакта башкалар менен өзүң же жакындарың тууралуу жеке маалыматтарды алмашуу өтө кооптуу болуп саналат.
Соцтармакта шылуундар кантип алдайт? Милиция коргонуу эрежелерин сунуштады