ЖМК: Жакынкы Чыгышка Путиндин сапары Байдендикине караганда ийгиликтүү болду

Путин, Иран жана Түркиянын президенттери менен бирге Тегеранда болгон Сирия боюнча саммитке катышты. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Иран жана түрк кесиптештери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россия жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Жозеф Байдендин Жакынкы Чыгышка иш сапарлары бул аймак Москванын көп полярдык дүйнөнү пайда кылуу саясатын колдоорун түшүндүрөт. Бул тууралуу Foreign Policy журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун айтымында, АКШ бийлигинин Жакынкы Чыгышка иш сапары ийгилик жарата алган жок.

"Байдендин иш сапарынын жыйынтыгында Жакынкы Чыгыш, айрыкча Перс булуңундагы өлкөлөр Россия жана Кытай менен мамилесин үзгүсү келбегени белгилүү болуп калды. Москванын Вашингтондун дээрлик бардык өнөктөштөрү менен жалпы максаты бир экен", — деп айтылат макалада.

Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед Ибн Салман Вашингтондун каалоосу менен иш кылгысы келбегенин көрсөткөнү айтылат.
"Эми Сауд Аравиясы АКШ менен коопсуздук маселеси боюнча кызматташканга караганда Россия менен нефть жаатында иштешүүгө көбүрөөк кызыкдар. Анын үстүнө Россиянын лидеринин Тегеранга болгон иш сапары региондо РФ менен иштешүүнү каалаган тараптар көп экенин дагы бир ирет далилдей алды", — деп жазылат кабарда.
Буга чейин Путин, Иран жана Түркиянын президенттери менен бирге Тегеранда болгон Сирия боюнча саммитке катышты. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Иран жана түрк кесиптештери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Россия, Түркия жана БУУ эгинди экспорттоо боюнча келишимге кол койду