Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Раданын экс-депутаты: Зеленский Россия газын ортодон уурдоого тапшырма берди

Учурда украин газ сактоо кампасында жылытуу сезону үчүн керектелген көгүлтүр оттун жарымы гана бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский "Нефтогаз" ишканасына транзиттик түтүктөн өтүп жаткан россиялык газдан уурдап калуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында Раданын экс-депутаты Илья Кива Telegram каналы аркылуу кабарлады.
Мурдагы депутат учурда украин газ сактоо кампасында жылытуу сезону үчүн керектелген көгүлтүр оттун жарымы гана бар экенин белгилеген. Саясатчынын баамында ушуга байланыштуу Зеленский эл аралык милдеттенмени бузууга даяр болуп турат.
"Ошондуктан орто жолдон уурдап калуу чечими кабыл алынды", — деп жазды депутат.
Буга чейин Украина парламентинин экс-спикери Дмитрий Разумков Киев көзөмөлдөгөн аймак аркылуу Евробиримдикке жеткирилген Москванын көгүлтүр отун мыйзамсыз түрдө конфискациялоону сунуштаган.
Учурда "Газпром" 2024-жылы мөөнөтү бүтө турган келишимге ылайык, Украинадан өткөн транзитти штаттык режимде улантууда. "Суджа" газ өлчөөчү станциясы аркылуу күнүнө 40 миллион куб тартылууда. Өз кезегинде Россия газ боюнча келишимди кынтыксыз аткарып жатканын бир нече ирет белгиледи. Президент Владимир Путиндин айтымында, "Газпром" Европага канча газ керек болсо, ошончо өлчөмдө берип жатат.
Зеленский Россия газы боюнча талаштан кийин Германиядагы элчисин иштен алды