Ысык-Көлдө сүзүп жүргөн кемеден кара түтүн чыгууда. Күбөнүн видеосу

Ичиндеги адамдарды скутер менен эвакуациялап кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө сүзүп жүргөн кемеден уюлгуган кара түтүн чыгууда. Бул туурасында ал жакта эс алып жүргөндөр, окуяны көргөндөр билдиришти.
Алардын айтымында, окуя Булан-Сөгөттү айылы тарапта болгон, жардамга алты скутер кеткен.
ӨКМдин маалыматы боюнча, "Альбатрос" теплоходунда өрт чыккан, анын ичиндеги адамдарды скутер менен эвакуациялап кетишти. Жерине өрт өчүрүүчүлөрдүн бир бригадасы барган.
ӨКМден кошумча маалымат беришти. Ошол жердеги пансионаттын аймагындагы "Альбатрос" кемесинин мотору өрттөнгөнүн, куткаруучулар жеткиче өрттү кемедегилер өздөрү өчүрүүгө үлгүрүшкөнүн кабарлашты.
Бишкектеги 8-кичи райондо чыккан өрт өчүрүлдү. Видео