Ысык-Көлдө кемедеги өрттү өчүрүп, жээкке сүйрөтүп келишти

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Кемени Чолпон-Атадагы яхта-клубга жеткиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Комсомол айылынын аймагында көлдө жүргөн "Альбатрос" кемесинен чыккан өрттү өчүрүштү. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Суднодон бүгүн болжол менен саат 16:00дө кара түтүн уюлгуп чыгып, күйө баштаган. Бул учурда кеме жээктен бир нече чакырым алыс, көлдүн ичинде жүргөнүн аймактык милициядан кабарлашты.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрт мотор жактан чыккан. Жалынды кемедегилер куткаруучулар менен өрт өчүрүүчүлөр барганга чейин өздөрү өчүрүүгө үлгүрүшкөн.

"Теплоходдун бортунда 20 жүргүнчү болгон. Аларды менчик скутерлер менен алып келишкен. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, жабырлангандар жок. Кемени Чолпон-Атадагы яхта-клубга жеткиришкен", — деп билдиришти Ысык-Көл облустук милициясынан.

Ал жерде учурда тергөө-иликтөө тобу иштеп, өрттүн эмнеден чыккандыгын аныктап жатканын айтышты.
Бишкектеги 8-кичи райондо чыккан өрт өчүрүлдү. Видео