Көлдө абрикостун баасы түшүп кетти. Министрлик анын үч себебин атады

Буга чейин Ысык-Көл облусунун жашоочулары социалдык тармакта абрикостун баасы таптакыр эле арзан болуп кеткендигин айтышкан. Айрымдары аны малга төгүп берип жатканын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстанда абрикостун баасы кескин түшүп кетти деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун жашоочулары социалдык тармакта абрикостун баасы таптакыр эле арзан болуп кеткендиктен ага кеткен чыгымды жаппай калганын айтып, нааразы болушкан.
Министрлик баанын былтыркыга караганда такыр эле түшүп кетишин бир нече себеп менен түшүндүрүп бергенге аракет кылды.
Алар:
Быйыл Борбор Азияда, Россияда жана Арменияда өрүктүн түшүмү мол болушу;
Кумшекердин кымбатташы, анын Казакстан менен Өзбекстандагы жетишсиздиги (өрүктү негизинен консервацияга колдонушат).
Казакстандын чек арасынан автожүктөрдүн жай өтүшү. Өрүк жүктөлгөн автоунаалар коңшу мамлекеттин чек арасынан өтө албай 1-2 күнгө кармалып калууда.
Министрликтен өкмөт өрүк жүктөлгөн автоунааларды кармап туруп албай тез өткөрүүгө аракет көрүп жаткандыгын айтышкан.
Өрүктү негизинен республиканын түштүк аймагында жана Ысык-Көлдө өстүрүшөт.
Акылбек Жапаров Чүйдү кыдырып, балык чарбалары боюнча чара көрүүнү тапшырды