Ысык-Көлдөгү жол эмнеге туристтик сезондо оңдолууда? Түшүндүрмө

Социалдык тармактардын колдонуучулары Ысык-Көл облусундагы жолдор жайында оңдолуп жаткандыгына нааразы болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү негизги автоунаа жолун оңдоо иштери эмне үчүн туристтик сезон учурунда өткөрүлүп жаткандыгын “Кыргыз автожол" ишканасынан Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүрүштү.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жайында Ысык-Көл облусундагы жолдор оңдолуп жаткандыгына нааразы болуп, бул суроо менен редакция аталган ишканага кайрылган.
Компаниядан билдиришкендей, мындай ремонт (жолдун үстүңкү катмарын бекемдөө) жылуу мезгилде жасалса кийин ал асфальтка унаанын дөңгөлөктөрү тайгаланбай жакшы илешет (сцепления). Ошондой эле ысык учурда жасалган асфальт кыртышына оңой менен суу өтпөйт. Демек, эрте бузулууну алдын алса болот.
Курулуш мезгили март-август (же сентябрь) айлары болуп эсептелет. Технология боюнча абанын температурасы +10 градустан жогору болушу шарт.
"Жай мезгилинде асфальт бетонун орнотуудан башталат, ошондуктан курулуш мезгили туристтик мезгилге туш келүүдө. Жайында кылганыбыздын себеби асфальт күзгү жамгырларга чейин төшөлүп калышы керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
"Кыргыз автожол" жарандарга оңдоо иштерин түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Бишкектин борборундагы көчөнүн бир бөлүгү 1-октябрга чейин жабылат