Ысык-Көл облусунда күн катуу ысыйбы? Бир жуманын маалыматы

Жуманын соңунда күн бир аз салкындайт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Алдыдагы аптада Ысык-Көл облусунда күндүн табы 33 градуска чейин көтөрүлөт.
24-25-июлда айрым жерлерде өткүн өтөт. 26-июлда күндүн көзү бузулбайт, ал эми 27-июлда кээ бир аймактарда өткүн өтөрү айтылды.
28-июлда кайра күн ачылат, 30-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Абанын температурасы ылдыйлап, термометр 26 градусту көрсөтөт.
Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында дагы жогорудагыдай аба ырайы болору болжолдонууда.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Радио
Маткеримова: Баткенде аба ырайы +45 +47 градуска чейин жетиши мүмкүн