БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россияга каршы санкциялар Москваны былк этирген жок, ал эми Европа төрт өкмөтүн кетирип, экономикалык жана саясий кризиске кептелди. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыштын стратегиясы төрт дөңгөлөгүнүн тең жели чыккан автоунаага окшош... Санкциялар Москваны былк этирген жок. Европага экономикалык жана саясий мүшкүл түштү. Британия, Болгария, Италия жана Эстониянын өкмөттөрү садага чабылды. Эл баалардын кескин жогорулашына туш болду", — деди Орбан Румыниянын Бэиле-Тушнад шаарында сүйлөп жатып.
Ошондой эле ал дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү Европанын саясатын колдобогонун белгиледи. Ал Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Араб өлкөлөрү жана Африканы мисал келтирип, баары бул жаңжалдан оолак болуп, өз иштери менен алектенип жатканын айткан.