Коркпой автоунаа айдаш үчүн эмне кылуу керек? Автоэксперттин кеңеши

Фобиянын эң көп жайылган түрү тажрыйбасы жетишсиз айдоочуларда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Рулга отурган ар бир адамда коркуу сезими болот, бул адамды алагды кылат. Автоунаа боюнча эксперт Егор Васильев "Прайм" агенттигине коркуу сезими менен күрөшүүнүн бир нече ыкмасын айтып берди.
Ал фобиянын эң көп жайылган түрү тажрыйбасы жетишсиз айдоочуларда болорун белгилеген.
"Автоунаа токтотуучу жайга коюуда же короодон чыгып жатканда ушундай көйгөйлөргө туш болушуңуз мүмкүн. Себеби тар жолдо машинанын көлөмүн толук эсепке ала албай кыйналасыз. Ошол тейде жүрөк заада болуп жүрө бербей айдоочулук жөндөмдү арттыруу үчүн курстарга барып же болбосо тажрыйбалуу айдоочулар менен чогуу бир нече ирет маневрларды жасап көрүңүз. Акырындык менен көз көнүгүп, кадимкидей жеңил болуп калат", — деген эксперт.
Васильевдин айтымында, эгер коркуу баштан өткөн жагымсыз окуяларга же аварияга байланыштуу болсо, анда психологго кайрылган жакшы. Фобиянын себебин психологиялык анализ жүргүзүп аныкташат.
Жаан жааганда айдоочулар үчүн башкы кооптуулуктар айтылды