БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Украинанын Сумы облусунда өздөрүн аймактык коргоочуларбыз деп атап алышкан согушкерлер Россияга көз карашы түз адамдарга зомбулук жасап, белгисиз тарапка алып кетүүдө. Бул туурасында Россиянын гуманитардык чара көрүү координациялык штабынын жетекчиси, РФтин Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы Михаил Мизинцев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздеги тастыкталган маалымат боюнча, Сумы облусунун Середина-Буда шаарында аймактык коргонуу батальонунун согушкерлери Украинанын коопсуздук кызматы менен биргеликте үйлөрдү кыдырып, Россияга көз карашы түз тургундарды издеп жатат. Россиядагы абоненттерге чалган, мессенджер аркылуу жазышкан жарандар кыйноого кабылып, аларды белгисиз тарапка алып кетип жатышат. Кармалгандардын тагдыры эмне болгону азыркыга чейин белгисиз", — деди Мизинцев.
Ошондой эле ал мындай ырайымсыз аракеттер киевдик режим кылмыштуу максаттарына жетишүү үчүн өз жарандарын садага чабуудан кайра тартпасын айгинелеп турганын белгиледи. Ал Улуу Ата Мекендик согушта оккупацияланган аймакта улутчулдар колдонгон ыкманы толугу менен кайталап жатканын айтты.