Радио

Исраилов: "Славян базары" фестивалында Кыргызстан байгелүү орун ала элек болчу

Ырчы, обончу Бек Исраилов эл аралык вокалдык сынактарга катышууну улантарын айтты.
Sputnik
Он жылдан бери эл аралык сынактарга катыша элек болчумун. Акыркы ирет 2012-жылы "Жаңы толкун" жаш аткаруучулардын музыкалык эл аралык конкурсуна катышкам. Андан соң ар кандай себептерден улам вокалдык конкурстарга катыша албай жүрдүм. Ошентсе да чакыруулар боюнча Россиядагы концерттерге, Түркиядагы сынакка катыша баштап, пандемиядан улам ал токтотулган. Бул тууралуу Бек Исраилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык вокалдык сынактар аткаруучуга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Жазында "Славян базары" эл аралык фестивалына билдирүү жөнөтүп, дароо эле кабыл алындым. Эмне себептен "Славян базарын" тандадым? Себеби бул фестивалга Кыргызстандын атынан 6-7 гана аткаруучу катышып, байгелүү орундарга жеткен эмес. Менин максатым — байгелүү кайтуу эле. Кудай буйруп, жалпы 14 мамлекеттин ичинен 3-орунду ээледим. Бул мен үчүн жеңип келгенге эле барабар болду. Эң башкысы, калыстар тобундагы Россия Федерациясынын эл артисти Лариса Долина эки турда тең эң жогорку он упайдан берди. Ал эми Армения, Израилден келген калыстар эмнегедир сегиз упай коюшту. Буга абдан ойлондум. Себеби сегиз кое тургандай чоң ката кетирген эмес элем. Болгону муну менен биринчи орунду алууга 1-2 упай жетпей калганын, ошол эки упай чоң роль ойноп кеткенин айткым келди. А негизи "Славян базары" конкурсун "Жаңы толкунга" окшоштуруп эле баргам. Бирок жаңылышыптырмын. Мени уюштуруу деңгээли, катышуучулардын күчтүүлүгү таң калтырды. Ар бири татыктуу орунду алышты. Эми мүмкүнчүлүк барда эл аралык вокалдык сынактарга катышууну улантам", — деди Исраилов.
Ал алдыда Кыргызстанда жыл сайын өтүп келип, акыркы жылдары токтоп турган "Мейкин Азия" фестивалын жандандыруу аракетин көрүп, уюштуруу иштерине жардам берүүнү көздөп жатканын кошумчалады.