Путин Россияда төрөлүүнүн санын өстүрүү үчүн өкмөткө жаңы тапшырма берди

Россия лидери бул маселени мурдатан эле көтөрүп келет. Ал демографиялык көйгөйлөргө байланыштуу Россияда жумушчу күч жетишпей жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин төрөттүн санын көбөйтүү үчүн өкмөткө тапшырма берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, министрлер кабинети 15-сентябрга чейин төрөттүн санын көбөйтүү жана балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуусу керек.
"План ишке ашышы үчүн саламаттык сактоо, билим берүү чөйрөлөрү жакшыртылышы керек. Андан тышкары, турак жай менен камсыз кылуу, үй-бүлөлөрдүн кирешелерин көбөйтүү сыяктуу иштер жүргүзүлүшү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Россия лидери бул маселени мурдатан эле көтөрүп келет. Ал демографиялык көйгөйлөргө байланыштуу Россияда жумушчу күч жетишпей жатканын айткан.
Маалыматка караганда, азыркы 146 миллион киши Россияныкындай ири аймак үчүн өтө аз болуп саналат. Экономикалык жактан жумушчу күч жетишсиз. Президенттин айтымында, учурда Россияда эмгекке жарамдуу курактагы жарандардын саны 81 миллионду түзөт. Андыктан элдин санын 2024-2030-жылга чейин бир топ өстүрүү планы каралган.
Социалдык кепилдиктер берилет. РФ компаниялары кыргыз жарандарын ишке чакырды