Путин Мирзиёевди Александр Невский ордени менен сыйлады

Владимир Путиндин жарлыгы укуктук маалыматтар жайгаштырыла турган расмий интернет-порталга жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди Александр Невский ордени менен сыйлаганын Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Бул боюнча жарлык укуктук маалыматтар жайгаштырыла турган расмий интернет-порталга чыккан. Анда Мирзиёевдин Россия менен Өзбекстандын ортосундагы достук менен кызматташууну бекемдеген зор эмгеги үчүн сыйланганы айтылган.
Александр Невский ордени — Россииянын мамлекеттик сыйлыктарынын бири.
ЖМК: президент Токаев Александр Невский жана Манас ордендеринен баш тарткан