Ошто качан күн салкындайт? Бир жумага карата аба ырайы

Апта башындагы аптаптын табы ишембиге жакындап барып, бир аз түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ош облусу жана шаарында дүйшөмбү күнү абанын температурасы ысып, 42 градуска чейин көтөрүлөт. Бул туурасында Кыргызигдромет агенттиги билдирди.
Облусунун аймагында 25-июлдан 28ине чейин күн ачык турат. Бул күндөрү 38ден 42 градуска чейин ысыйт. 29-июлда тоолуу райондордо өткүн өтөт, ошол эле учурда дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт.
30-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп басылат да, күндүн табы 35 градуска чейин түшөт.
Ал эми Ош шаарынын өзүндө алдыдагы аптада күн чайыттай ачык болуп турат.
Августта күн катуу ысыйбы? Бир айга карата аба ырайы