Чөккөнүн эч ким байкабай калган. Орто-Токойдо 14 жаштагы кыз көз жумду

22-июль күнү суу сактагычка кыз апасы жана инилери менен биргеликте сууга түшкөнү барган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына 14 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, 22-июль күнү суу сактагычка ошол эле райондогу Келте айылында 2008-жылы туулган кыз апасы жана инилери менен биргеликте сууга түшкөнү барган.
"Анын чөгүп кеткенин эч ким байкаган эмес. Окуядан кийин ӨКМдин райондук бөлүмүнөн беш куткаруучу барып, кыздын сөөгүн суудан таап чыгышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Өспүрүмдүн сөөгү милицияга өткөрүп берилди. ӨКМден Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери төрт адам сууга чөгүп каза болгонун айтышты.
Министр: жыл башынан бери өлкөдө 38 адам сууга чөгүп, каза тапты