БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Нарын шаарында Түркия тарап куруп берген 100 орундуу заманбап бала бакчанын ачылышы болду. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Бул жай "Этимесгут-Нарын" достук жана кызматташтык келишиминин алкагында курулган. Тагыраагы, аны Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Этимесгут муниципалитети Нарын шаарына салып берди.
Бала бакча тургузуп берүү келишими 2018-жылы Этимесгут муниципалитетинин делегациясы Нарын шаарына келгенде түзүлүп, аны менен эки тараптуу достук мамилеси менен кызматташууну арттыруу белгиленген.
Нарындагы бул салтанатка Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа мэри Канболот Тутуев, шаардык кеңештин депутаттары, долбоорду ишке ашырууну баштаган Нарын облусунун мурдагы жетекчилери Аманбай Кайыпов, Эмилбек Алымкулов, Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирель баштаган түрк делегаттары мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышкан.
Ачылыш аземинде Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Этимесгут муниципалитетинин мэрине жана депутаттарына Нарын шаарынын элинин атынан ыраазычылык билдирип, эки тараптын достугу түбөлүктүү болушуна тилектештигин айткан.
Этимесгуттун каржылоосунда курулган бакчанын сметалык баасы 650 миң доллар экени жана курулуш 1 696 чарчы метр жерге түшкөнү айтылды.