Кечээ Нарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы уландын сөөгү табылды. Сүрөт

Каргашалуу окуя 22-июль күнү Ак-Талаа районунун Үгүт айылында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бир күн мурда Нарын дарыясына түшүп кеткен 19 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
1 / 3

Бир күн мурда Нарын дарыясына түшүп кеткен 19 жаштагы уландын сөөгү табылды

2 / 3

Каргашалуу окуя 22-июль күнү Ак-Талаа районунун Үгүт айылында болгон

3 / 3

2003-жылы туулган Ф.А. ошол аймактагы Мыкаачы деп аталган дарыяга түшүп кеткен

Каргашалуу окуя 22-июль күнү Ак-Талаа районунун Үгүт айылында болгон. 2003-жылы туулган Ф.А. ошол аймактагы Мыкаачы (Нарын дарыясына куйган суулардын бири) деп аталган сууга түшүп кеткен. Уланды издөө иштери ошол замат башталып, бүгүн кырсык болгон жерге ӨКМдин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн сегиз куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 20 адам барган.

"23-июль күнү саат 10:30да дарыянын Кочкор-Сарай тилкесиндеги аралынан туугандары уландын сөөгүн табышты. 12:00дө ӨКМ куткаруучулары аны чыгарып, туугандарына өткөрүп берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү тургундардын бири эки уландын балык уулаганга барып, бирөө сууга агып кетип, жогоркудай кырсык болгонун айтышты.
Чөккөнүн эч ким байкабай калган. Орто-Токойдо 14 жаштагы кыз көз жумду