Мирзиёевдин администрациясы анын Ысык-Көлдөгү видеосун жарыялады

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга 20-июлда учуп келген. Кечинде үч өлкөнүн башчылары (Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан) бейрасмий жагдайда сүйлөшүп, жаратылыш койнунда сейилдешкен.
Sputnik
Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы Шавкат Мирзиёевдин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келгендеги видеосун жарыялады.
Мирзиёев 20-июлда Ысык-Көлгө учуп, аэропортто аны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган. Алар үчүн Бостери айылында театрлаштырган программа да уюштурулган. Эртеси Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын кеңеши болуп өттү.
"Бул форматта белгиленген диалогдун аркасында биз достук жана ынак коңшулук мамилени бекемдөөгө жетиштик. Аймакта конструктивдүү кызматташуунун жаңы атмосферасын түзө алдык", — деген анда Мирзиёев.
Чолпон-Ата сапары. Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунун видеосу