Радио

Театр директору Куланбаев: Кыргызстанда балдар драматургиясы аксап жатат

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору Болот Куланбаев аталган театр 84-сезонун ачууга даярданып жатканын белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанда балдар драматургиясы жок болуп кетти. Бул багытта мамлекеттик тапшырык менен жазуучуларды шыктандыруу зарылдыгы бар. Бул тууралуу Болот Куланбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, театр негизинен котормолор менен репертуарды жаңылап келет.
"Куурчак театрда көркөм жасалгалоо бөлүмү иш алып барат. Алардын жардамы менен куурчактар, декорациялар, костюмдар даярдалат. Репертуар улам жаңыланып, өткөн жылда 3-4 спектакль кошулуп, жалпы саны 40-41ге жетип калды. Актуалдуулугун жоготпогондор көп жылдар бою коюлуп турат. Себеби балдар чоңоюп кетип, кийинки мууну дагы көрүп калуусуна шарт түзүлөт. 1939-жылы театр ачылгандан бери бардыгы болуп 500гө чукул спектакль коюлду. Быйыл майдын соңунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Атадан калган туяк" чыгармасын сахналаштырдык. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алды, сентябрда аны менен эл аралык фестивалдарга барууну ойлоп жатабыз. Репертуарды жаңылоодо балдар драматургиясынын аксап жатканы көйгөй жаратат. Муну колго алып, бул багытты өстүрбөсө абал татаал. Анткени кыргызчадан кыйналуудабыз. Көбүнчө чет элдик чыгармаларды которуп сахналаштырууга туура келүүдө", — деди Куланбаев.
Ошондой эле ал театрдын имараты оңдоп-түзөөгө муктаж экенин кошумчалады.