БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаа тургундарынан иштеп же кайыр сурап жүргөн балдарды аныктоого жардам беришин суранды.
Шаардык кызматтар рейд жүргүзүп, анын ичинде жашы жете элек балдардын 22:00дөн кийин чоңдордун коштоосу жок көчөгө чыгышына тыюу салуу каралган.
Мэрия Бишкектин төрт районунун түз байланыш номерлерин жарыялады:
Биринчи май району — 0(312) 67-03-86;
Ленин району — 88-38-99;
Свердлов району — 0(312) 53-05-76;
Октябрь району — 0(312) 51-03-75.
Ошондой эле Балдарды коргоо борборунун номерлери да камтылган — 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция кызматынын түз байланыш линиясы — 111.
Жогорудагы мыйзамдарды аткарбаган балдар аныкталса, жагдайга жараша ата-эненсине же жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна өткөрүп берилет.
Мэрия аталган иш-чаранын жыйынтыгында анализ жүргүзүлүп, муктаждыгына жараша иштеген же кайыр сураган балдардын үй-бүлөсүнө социалдык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.