Достук — байлык! Казак ЖМКларында Токаев Ысык-Көлдө жүргөн видео көрсөтүлдү

Токаев Чолпон-Ата шаарына Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн 20-июлда келген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Казакстан президентинин телекөрсөтүү жана радиокомплекси социалдык тармактагы баракчасына Касым-Жомарт Токаевдин Ысык-Көлгө келгендеги видеосу жарыяланды.
Токаев Чолпон-Ата шаарына Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн 20-июлда келип, ошол эле кечте үч өлкөнүн башчылары (Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан) бейрасмий жагдайда жаратылыш койнунда сейилдешкен.
Президенттерге арналып Бостери айылында театрлаштырылган шоу-программа уюштурулган. Эртеси Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын кеңеши өткөн.
Видеодон мамлекет башчысынын: "Достук — түгөнгүс байлык. Мен мезгил менен сыналган жакын жана ишенимдүү мамилелерибиз, жалпы тарыхый жана рухий тамырларыбыз мындан аркы достугубузга азык болуп берет деп ишенем", — деп айтканын угууга болот.
Мирзиёевдин администрациясы анын Ысык-Көлдөгү видеосун жарыялады