БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +35...+40, Талас жергесинде +33...+38, Ош, Жалал-Абад облустарында +36...+41, Баткенде +35...+40, Ысык-Көлдө +26...+31 жана Нарын аймагында +30...+35 градус болот.
Чолпон-Атада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометр Бишкекте +37...+39, Ош калаасында +39...+41, ал эми Чолпон Атада +27...+29 градусту көрсөтөт.