Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсон: Днепрдеги көпүрө америкалыктар тарабынан аткыланды

Кирилл Стремоусовдун айтымында, кандай болгон учурда дагы көпүрөнү аскердик жана жарандык инженерлер калыбына келтирет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Херсон аймагын карай аткылоолордун артында америкалык адистер турат. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусовго шилтеме берип жазды.
"Антонов көпүрөсүн украиналык улутчулдар аткылаган жок. Алардын алы жетпейт эле. Булар америкалыктардын конкреттүү аракеттери", — деди ал.
Стремоусовдун айтымында, кандай болгон учурда дагы көпүрөнү аскердик жана жарандык инженерлер калыбына келтирет. Зарыл болсо, алар Днепр аркылуу убактылуу көпүрө жасап коюшат.
Ушул жумада Украинанын аскерлери Новая Каховкадагы ГЭСтин дамбасына жана Антонов көпүрөсүнө бир нече сокку урушту. Ага зыян келтирилгендиктен жүк ташуучу автоунаалардын кыймылы бөгөттөлгөн. 21-июлда Киев дагы бир жолу Антонов көпүрөсүнө кол салууга аракет кылган. Бирок бардык 12 HIMARS ракеталарын Россия тарап атып түшүргөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын согушкерлери Россияга көз карашы түз жарандарды уурдап кетүүдө