Чылым чегүү менен псориаздын күчөшүнүн байланышы аныкталды

Кеп терини жабырткан оору туурасында жүрүп жатат. Ага тамеки өзүнүн таасирин тийгизери алды-кийин айтылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кытайдагы Ханчжоу медициналык колледжинин окумуштуулары тамеки тартуу менен күчөгөн псориаздын (карттанган кургак чакалай) ортосундагы байланышты аныктап чыгышкан. Бул туурасында жазган.
Адистер адамдын тамеки тартып баштоосу, бир күндө канчаны чегери, кайра таштаган күнү, айтор, толук анализ кылышкан. Алар мурдагы изилдөөлөрдүн изи менен жүрүп отуруп, псориаз илдетине жакында эле жасалган тажрыйбалардын жыйынтыгына, генге жана мутацияланышына баам салышкан.
Эки нерсени изилдеген илимпоздор чылым чегүү менен псориаздын ырбап кетишинин ортосундагы байланышты таап чыгышкан. Андан сырткары, тамеки тартпай калганда аталган илдеттин белгилери да азайып калышын аныкташкан.
Псориаз — биринчи иретте терини жабыркаткан өнөкөт оору. Бул аутоиммундук оору деп эсептелет. Адатта ал кызарып, өтө кургак болгон териде пайда болот.
Дүйнөдө чылым чегүүнүн кесепетинен минутасына 10 адам каза болот