Бишкекте Борбор Азиянын волейболчуларынын катышуусунда мелдеш өтөт

Турнир 23-27-июль күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкекте Борбор Азиянын волейболчуларынын катышуусунда мелдеш болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Турнир 23-27-июль күндөрү Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын спортчулары катышат.
Аялдар менен эркектердин командалары өз-өзүнчө болот.
Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында бир алтын, бир коло медаль тагынды