Бишкек куйкалаган ысыктан кантип коргонуп жатат? "Жасалма жамгырдын" видеосу

Мэриядан көчөлөрдү салкындатуу үчүн бир катар чаралар көрүлүп жаткандыгын айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бул күндөрү адаттан тышкары ысык болуп жаткандыктан Бишкектин муниципалдык "Тазалык" ишканасынын атайын техникалары шаарды аралап, көчөлөргө суу сээп жүрүшөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бишкектин ар бир административдик районунан экиден атайын автоунаа чыгып, жалпысынан сегиз техниканын ар бири 8 тоннадан суу жүктөп, ысыктын аптабы урган көчөлөргө сээп жатышат.
Шаар башчысынын тапшырмасы менен мындай иштер аптанын аягына чейин күнүнө эки ирет жасалып турары айтылды.
Ысык-Көл облусунда күн катуу ысыйбы? Бир жуманын маалыматы