БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 25-июлда Бишкектин кээ бир жерлеринде саат 9:00дөн 21:00гө чейин муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Дүйшөмбүдө "Гагарин" суу өткөргүчүндө оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.
Суу убактылуу берилбей турган көчөлөр жана конуштар:
Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунушалиев, Гагарин, Муромский, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүракунов, Алыкулов көчөлөрү, Ак-Өргө жаңы конушунда Өмүракунов көчөсүнүн түндүк тарабы, Жумушчулар шаарчасы, Дыйканчылык институту.
Мэрия ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууга чакырды.