Нарын: аткаминерлер зомбулуктун алдын албаганы үчүн 10 миң сомдон айыпка жыгылды

Көзөмөл органы акимчиликтерге барып текшерүү жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Нарын облусунда жарым жыл ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун 132 фактысы катталгандыгы аныкталып, район башчыларынын орун басарлары жазаланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Прокуратура тарабынан "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча акимчиликтерде текшерүү жүргүзүлгөн. Жалпы катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун 118и аялдарга, 13ү жаш балдарга жасалгандыгы аныкталды. Ал эми 64үнө күч колдонуп, 68ине психологиялык жактан басым жасалган.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн райондук администрациялар тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. Акимдин орун басарларына карата беш укук бузуу жөнүндө өндүрүш иши козголду. Натыйжада сот тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, алар административдик жоопкерчиликке тартылуу менен бирге ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.
Облустук прокуратура үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдар менен иштөө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы туруу боюнча иштерди күчөтөрүн белгиленди.
Июнда балдарды коргоо боюнча ишеним телефонго 290 чалуу түштү. Статистика