“Женгону” актоо боюнча райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылды

Бул иш боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш же даттануу түшкөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ош облустук сотунун соттук коллегиясы Женго каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновду актоо боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин 2022-жылдын 14-июнунда Кара-Суу райондук соту Кадыр Досоновду актаган чечим чыгарып, ал абактан бошотулган. Маалыматка караганда, Жазык кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү ("Бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу") боюнча козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. Досонов кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу беренеси боюнча дагы акталган.
"Облустук соттун Кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 21-июлундагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды", — деп жазылат маалыматта.
Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу экени айтылды.
Бишкекте Чыңгыз "Дөө" кармалды