Радио

Абайлагыла, ушул тапта күн катуу ысыгандыктан өрт кооптуулугу жогору. ӨКМ эскертти

ӨКМдин өрт өчүрүү жана өрттү алдын алууну анализдөө бөлүмүнүн башчысы, подполковник Ренат Токталиев алдыдагы күндөрдө аба ырайынын катуу ысышынан өрт чыгуу кооптуулугу жогорулаарын айтты.
Sputnik
Өтө ысыкта көпкө жатып калган айнек сыныктарына чагылышып да талаа, токойлордо өрт чыгып кетүү коркунучу жаралат. Бул тууралуу Ренат Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аптаптуу күндөрү жаратылыш койнуна эс алып чыккан жарандар, чылым чегүү же талаада тамак даярдоодо дыкат мамиле жасашы зарыл.
"Июль айынын үчүнчү бөлүгү адаттан тыш ысык болору айтылды. Буга байланыштуу министрлик жаратылыш койнунда эс алууну каалаган ар бир жаранга сунуштама берет. Анда от жагып, тамак-аш даярдоодо жана чылым чегип, башка нерселерди кылууда өтө аяр болууга чакырат. Анткени азыр талаада чөп, эгиндердин баары кургап турган учуру. Бир адамдын кетирген алешемдиги же кайдыгерлигинин натыйжасында эгин талаалары же токойлор өрттөнүп, миллиондогон сомдук чыгымга кептелишибиз мүмкүн. Ошондой эле талаада калып кеткен бөтөлкө сыныктары да табигый өрттүн келип чыгуусуна кээде себепкер болуп калат. Алар күнгө чагылышып, ысып, андан жалын тутанып кетиши ыктымал. Андыктан эс алуучулардан жаратылыш койнуна таштанды калтырбоосун өтүнөбүз", — деди Токталиев.
Ал кайсы мезгилде болбосун келип чыккан өрт көбүнесе жарандардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам тутанарын кошумчалады.