Пресс-борбор

Имидж жоголууда. Туризм департаменти Көлдөгү мушташ боюнча позициясын билдирди

Июнь айында Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде топ балдар курортту кайтарган кызматкерлер менен мушташкан. Июлда ушундай дагы бир окуя кайталанды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Турсезон учурунда Ысык-Көлдөгү курорттук зонада болгон мушташуулар боюнча пикирин билдирди.
Ал бүгүн Sputnik агенттигинде өткөн "Кыргызстанда тур сезон кандай өтүп жатат" аттуу брифингге катышты.
"Биз күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылабыз. Ички туристтердин көпчүлүгү эрежелерди сактайт, тилекке каршы, кээ бирлери коомдук тартипти бузууда. Баары эле мас абалында башаламандык кылат деп айтууга да болбойт. Бул адамдын тарбиясынан, өзүн алып жүрүү маданиятынан, укуктук нормаларды канчалык түшүнгөнүнөн көз каранды экен", — деди ал.
Ошондой эле аткаминер чынында мушташкандар болгонун, кандай болгон чакта да мыйзам чегинде каралышы керектигин кошумчалады.
"Мындай окуялар дагы кайталанбашы үчүн күнөөлүү тарап жазасын алышы керек. Ушул сыяктуу фактылар көз ачып жумганча соцтармакка тарап кетип, имиджибизди жоготуп жатабыз. Эгер ар бир адам өзүн жакшы алып жүрсө, мындай окуялар азыраак болмок", — деди Кенжематова.
Коомдук тартипти камсыздоо үчүн жергиликтүү бийлик тиешелүү органдар менен тынымсыз рейддерди жүргүзүп жатканын белгиледи.
Ысык-Көлдө дагы мушташ чыкты. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү