Ысык-Көлдүн суусуна башын шампундап жууган кызды милиция издемекчи

Милиция алгач видеодогу кыздын ким экенин аныкташы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө башын шампунь менен жууган кызды милиция издөөгө алат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Социалдык тармактарда алгач кыз, андан кийин өспүрүм бала көлгө башын самындап жууп жаткан видео тараган.
"Кызга 10 миң сом айып пул салынышы мүмкүн. Мамэкотехинспекция биздин ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине материал жөнөткөнүн билдирген. Бирок азырынча бизге келе элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция алгач кыздын ким экенин аныкташы керек.
Ысык-Көлдө дагы мушташ чыкты. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү