Пресс-борбор

Туризм департаменти Ысык-Көлдө эс алуунун кымбаттыгы боюнча жооп берди

Департаменттин жетекчи орун басары баанын түзүлүшүн эки тараптуу караш керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алуу кымбат деп арызданган кыргызстандыктарга Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова комментарий берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингге катышты.
Журналист көпчүлүк адамдар Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында баалар жогорулап кеткенине нааразы болуп жатканын айтып, мунун себеби эмнеде экенин сурады.
"Мындай болбошу керек. Биз ата-бабаларыбыздан бери сакталып келе жаткан меймандостугубузду көрсөтүшүбүз зарыл. Ысык-Көлдө баалардын жогору болушуна курорттук аймакка киргендиги таасир этип жатса керек. Кээде алгач акчаңды сурап анан гана сый көрсөткөн учурларга туш болосуң. Башка жагынан алып караганда ар бир кызматка акы төлөнөт. Баалар 2019-жылдан бери созулуп келе жаткан экономикалык кризистен дагы көз каранды. Күйүүчү май, азык-түлүк, коммуналдык кызмат, баары кымбаттады. Башкача айтканда, бул маселенин эки тарабы бар", — деди Кенжематова.
Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү баалар чектен ашып кетпеши үчүн колдон келген иш-аракеттерди жасаш керек.
"Мисалы, өткөн жылы Чолпон-Атадан Бостериге чейин 400 сомго жетсе, азыр 500-550 сомго жетет. Мындай сумма төрт аялдама үчүн гана алынат. Ал эми Бишкектен Чолпон-Атага чейин 600 сомго жетсе болот. Ошол эле учурда көпчүлүк кыргызстандыктардын айлыгы аз болуп жатат", — деди орун басар.
Туризм департаменти мындай учурларда сунуш берип, кайрылуу гана жасай алат.
"Бул маселелер талкууланып келет. Албетте, жол кире акысынын баасын аныктап койсок жакшы болмок. Бирок бул рыноктук экономика болгондуктан баалар жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карап коюлуп калып жатат", — деди Кенжематова.
Ал эмнеси болсо да маселени чечүү жолу табылат деген үмүт бар экенин кошумчалады.
Кеминге барып, жапайы жаныбарларды кол жеткендей жерден көрө аласыз. Видео