Пушков: Евробиримдик "Түндүк агым — 2" боюнча позициясынын азабын тартат

Сенатор бүт жоопкерчилик Евробиримдиктин мойнуна жүктөлө турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Евробиримдиктин "Түндүк агым — 2" боюнча азыркы позициясынын кесепети элге, өнөр жайга тиет. Бул тууралуу сенатор Алексей Пушков Telegram-каналына жазганын РИА Новости билдирди.
Буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Россиянын газ түтүгү сертификацияланган эмес деп жана ал иштебеши керек деген пикирин айткан.
"Евробиримдик өзүнүкүн бербей жатат. Мунун азабын өнөр жайы, жарандары тартат", — деген Пушков.
Ал бул үчүн жоопкерчилик Россиянын эмес, Евробиримдиктин мойнуна жүктөлө турганын эскерткен.
Донбассты бошотуу боюнча Россиянын атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Кремль болуп жаткан окуяларды экономикалык согуш деп баалап жатат. Ал эми президент Владимир Путин АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин айтып келет.
Еврокомиссия Россия санкцияларынан айыл чарба азыктарын алып салууну сунуштады