Таласта мектеп директорлугуна төрт талапкер сынак тапшырып, үчөө өтпөй калды

Сынак түз эфирден көрсөтүлдү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жеринде көз салып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өттү

2 / 3

Кечээ, 21-июлда, Талас районундагы Манас мектеп-лицей-интернатынын жана Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатынын директорлугуна төрт педагог (бир мектепке экиден талапкер) ат салышкан

3 / 3

Тест бир жарым саатка созулуп, ага "Башкаруучулук менеджмент", "Педагогика", "Курак психологиясы", "Нормативдик укуктук актылар", "IT компетенциялары" (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.

Кечээ, 21-июлда, Талас районундагы Манас мектеп-лицей-интернатынын жана Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатынын директорлугуна төрт педагог (бир мектепке экиден талапкер) ат салышкан.
Алгач жетөө талапкерлигин көрсөтүп, анын ичинен төртөөнүн керектүү документтери талаптарга ылайык келген.
"Сынактын жүрүшү түз эфирде Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактагы баракчасында көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жарандык коомдун өкүлдөрү Талас мамлекеттик университетинин аудиториясында сынактын жүрүшүнө көз салып турду. Эң көп балл топтогон жана босоголук 60 пайыздан өткөн катышуучу тестирлөөнүн жеңүүчүсү болуп табылат. Соңунда Манас интернат-лицейинин директорунун жыйынтыгы жакшы болду. Калган талапкерлер босоголук 60 пайыздан өтө албагандыктан Чалдыбар мектеп-интернатынын директору тандалбай калды", — деп айтылат маалыматта.
Тест бир жарым саатка созулуп, ага "Башкаруучулук менеджмент", "Педагогика", "Курак психологиясы", "Нормативдик укуктук актылар", "IT компетенциялары" (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.
Компьютердик тестирлөөнүн бардык катышуучулары апелляцияга арыз берип, бирок андан кийин дагы жыйынтык өзгөрүүсүз калганы белгиленди.
Рекорд — 41 жыл. Беш жылдан ашык иштеген директорлордун аймактар боюнча саны