Күнүнө 100дөн ашуун тор чыгууда. Соң-Көлдү тазалап жаткан видео

Тазалоо иштери көлдө муз тоңгонго чейин улантылат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Соң-Көл көлүндө сууга чөгүп кеткен браконьердик балык уулоочу эски торлордон тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери корук участокторунан башка дагы көлдүн акваториясын тазалап чыгат. Мындай иштер аба ырайынын жагымдуу шарттарында жана көлдө муз тоңгонго чейин улантылат. Суунун ичинен күнүнө 50-60 балык уулоочу тор табылып жатканы айтылды.
Ат-Башынын балыгын экспортко чыгаруу пландалууда