БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Приднестровье Молдова Республикасынын бийлиги 2006-жылдагы референдумдун жыйынтыгына ылайык, көз карандысыздыкка жетүү менен андан ары Россиянын курамына кошулууга умтулуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде аталган республиканын тышкы иштер министри Виталий Игнатьев билдирди.
Июль айында Приднестровьеде тынчтык орнотуу операциясынын башталганына 30 жыл толду. Куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу принциптери жөнүндөгү келишимге 1992-жылдын 21-июлунда кол коюлуп, 29-июлда аймакка биргелешкен тынчтык орнотуучу күчтөр киргизилген.
"Приднестровьенин вектору өзгөргөн жок. 2006-жылдын 17-сентябрындагы референдумдун жыйынтыгында республика көз карандысыздык алуу менен Россияга кошулат деп так көрсөтүлгөн. Учурда өлкөнүн эгемендүүлүгү абсолюттук артыкчылык болуп саналат", — деди Игнатьев.
Анын айтымында, эгемендүүлүк концепциясын коргоо жана республиканы расмий түрдө таануу боюнча эл аралык укуктук аргументтер эбак эле калыптанып калган жана "ага эч ким каршы чыга албайт".
Ошондой эле ал Приднестровье бийлиги өлкөнүн жарым миллион калкына зыян келтирүүчү кадамдарга барбай турганын, бирок сүйлөшүп, кепке келүүгө аракет кыларын кошумчалады.