Өзбекстан Кыргызстанга магистратурада окууга гранттык орун берди

Документ тапшыруу мөөнөтү 1-августта аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстанга 2022-2023-окуу жылында магистратура программасы менен окууга гранттык негизде беш орун берет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Билим ала турган ЖОЖ  — "Жибек жолу" эл аралык туризм жана маданий мурас университети экенин айтышты. Коңшу өлкө магистратурада окуу үчүн мындай шарттарды Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттерге берип жатканы белгиленди.
Аталган өлкөдө жогорку билим алууну каалаган кыргызстандыктар үчүн документ тапшыруу мөөнөтү 1-августта аяктайт.
Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын сайтына жүктөөгө тийиш.
Мындан ары Кыргызстандын ЖОЖдору студенттерди жылына эки ирет кабыл алат