Өткөн дем алыш күндөрү Көлгө 35-40 миң автоунаа кирген. Милициянын түшүндүрмөсү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан элдин көп келгенин адаттан тышкаркы ысык менен байланыштырышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өткөн аптанын соңунда Ысык-Көл аймагына 30-40 миңдей автоунаа кирген. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.
Ведомстводон өткөн эс алуу күндөрү автокөлүктөрдүн саны 27 миңге жеткендигин айтышты.
ЖКККББ элдин көп келгенин адаттан тышкаркы ысык менен байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолун айтышты.
Ведомствонун анализи учурда эс алуучулардын көбү Чолпон-Ата менен Бостери аймагында болгондугун көрсөткөн. Андыктан инспекторлор күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын кабарлашты. Автоинспекторлор көчөлөрдүн ар бир кесилишинде туруп, жол кыймылын жөнгө салууда.
Башкармалык рулдагыларга жол кыймылын тыкыр сактоону эскертип да, өтүнүп да жатышат.
Пресс-борбор
Быйыл Кыргызстанга кайсы өлкөдөн туристтер көп келип жатканы айтылды