БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Оштун Араван районундагы Ачы айылында 7 жаштагы кыздын сокур ичегиси жарылып каза болгонун анын жакындары билдирди.
Алар дарыгерлер шалаакы мамиле жасаганын айтып, кызынын өлүмүнө медиктерди күнөөлөөдө. Маркумдун апасы Уулкан Адинаеванын айтымында, 5-июлда кызынын абалы начарлай баштаганынан Тез жардам кызматына кайрылышкан. Бирок Тез жардам кызматы жеткинчектин денесин ным сүлгү менен сүртүп, парацетамол берүү керектигин айтып, өздөрү келген эмес. Эртеси күнү алар кызын аймактык үй-бүлөлүк дарыгерге алып барган. Ал жактан "кызыңар тамак-аштан ууланышы мүмкүн" деп асма укол коюп, дары жазып беришкен.
7-июль күнү кыздын ич оорусу басылбай райондук ооруканага алып барышкан. Текшерүү учурунда анын аппендицит болгону аныкталып, ооруканада наркоз жок болгондуктан Ош шаарына жөнөтүшкөн.
"Ош облустук балдар ооруканасынан сокур ичегисине операция жасашты. Эки сааттык операциядан кийин анын абалы жакшырып, бир сааттан кийин кайра начарлап көз жумду", — деди Адинаева.
Облустук оорукананын дарыгерлери "сокур ичегиси үч күн мурда жарылып, боорду кысып койгон" деген маалымат берген. Учурда жабырлануучу тарап Тез жардам кызматынын өз учурунда келбегенине, дарыгерлердин туура диагноз койбогонуна нааразы болуп, тиешелүү адамдар жазасын алсын деп талап кылышууда.
Араван райондук дарыгерлер борборунун жетекчиси Кутманбек Айтибаев медиктердин ишинде кемчилик кеткенин айтып, окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн белгилеген.
Жети жаштагы кыздын өлүмү боюнча түзүлгөн атайын комиссия 18-июлда корутунду чыгарып, жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Айтибаевге эскертүү, ал эми аталган дарыгерлер борборунун бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланган.
Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахмановдун маалыматы боюнча, бир дагы медик жумуштан алынган эмес. Комиссиянын корутундусу министрликке жиберилип, акыркы чечимди министрлик чыгарары маалым болду.